Борбордо грэпплингдин мыкты балбандары аныкталды. Чемпионаттын сүрөттөрү

Грэпплинг боюнча Кыргызстандын чемпионаты эркектер жана кыздар арасында бир нече жаш курак жана салмак категориялар боюнча өткөрүлгөн. Ага жети дубандан келген 650гө чукул спортчу катышкан.
Sputnik

БИШКЕК, 11-фев. — Sputnik. Бишкекте грэпплингдин UWW (Бириккен күрөш дүйнөсү — ред.) версиясы боюнча Кыргызстандын чемпионаты жыйынтыкталды. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан агенттигине уюштуруучулар билдирди.

Мелдеш дем алыш күндөрү Арча-Бешиктеги ден соолукту чыңдоо комплексинде болгон. Ага жети дубандан келген 650гө чукул спортчу катышканы айтылды.

Кыргызга жээн Элизабет Турсынбаева дүйнөдөгү мыкты муз бийчилеринин катарына кирди
Турнир эркектер жана кыздар арасында бир нече жаш курак (окуучулар, кадеттер, жаштар, чоңдор, чеберлер) жана салмак категориялар боюнча өткөрүлгөн.

Иш-чаранын ачылышына Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинин орун басары Канат Арпачиев катышып, былтыр Казакстанда өткөн дүйнө чемпионатында жеңүүчү болгон Абдурахман Муртазалиев менен күмүш алган Абдылдабек Кекеновго эл аралык класстагы спорт чебери наамын тапшырды. Ошондой эле федерациянын президенти Тынчтык Сулаймановго спортко кошкон салымы үчүн атайын медаль берилген.

Ал эми жеңүүчүлөр медаль, диплом жана чемпиондук курлар менен сыйланды.

Грэпплинг боюнча Кыргызстандын чемпионатынын байге ээлери тууралуу шилтеме аркылуу таанышууга болот.