Хорсбол ат үстүндө ойнолуп, өзүнө регби менен баскетболдун элементтерин камтыйт. Ар бир командада төрт, ага кошумча запаста бир оюнчу болот. 10 мүнөттөн турган эки таймдан турган оюнда команда атаандашынын алкакчасына болушунча көбүрөөк топ салышы керек. Спорттун бул түрү Франциядан башат алган.
Көрсөтмө оюнда француздар, канадалыктар менен кыргызстандыктар беттешип, таймаш 6:6 эсеби менен жыйынтыкталды.
Кыргызстанда хорсбол акырындап өнүгүп келе жатат. 14-февралда Токтогул районунда жыл сайын өтүп келген чемпионат болот. Турнирдин жыйынтыгы менен Францияда өтчү дүйнө чемпионатына катышуу үчүн КРдин хорсбол боюнча курама командасы түптөлмөкчү.