Табышып койгула! Бишкекте 16 жаштагы Айдай жоголду

Айдай 10-февраль күнү үйүнөн чыккан боюнча кайтып келген эмес. Кыз психикалык жактан жабыркап, сылтып басат. Милиция көрүп-билгендерди кабарлап коюуну өтүндү.
Sputnik

БИШКЕК, 11-фев. — Sputnik. Бишкекте 16 жаштагы Айдай Аят кызы жоголгонун Sputnik агенттигине жакындары билдирди.

Бишкекте жоголгон 16 жаштагы кыз хостелден табылды
10-февраль күнү саат 15:00дөр чамасында Токомбаев жана Сухэ-Батор көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан үйүнөн чыккан боюнча кайтып келген эмес. Айдай психикалык жактан жабыркайт. Чачы жана көздөрү кара. Үстүнө кара жана кызыл тоголоктору бар узун куртка, башына кара топу жана күрөң шым кийген. Сылтып басат, бою 172 сантиметр. Буга чейин жоголгон эмес.

Октябрь РИИБи Айдай тууралуу кандайдыр бир маалыматы барларды (0555) 01-17-17, (0700) 17-17-32 , (0701) 80-89-42, (0706) 80-12-91 номерлерине чалып коюуну өтүнөт.