Бишкекте жеңил унаа электр түркүгүн сүзүп, капталынан кулап калды. Видео

Күбө арчаларды кыйратып, түркүктү сүзүп токтогон унааны видеого тартып алган. Алдын ала маалымат боюнча, 30 жаштагы айдоочу рулду башкара албай калган.
Sputnik

БИШКЕК, 11-фев. — Sputnik. Бишкекте жеңил унаа түркүктү сүзүп, капталынан кулап калды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Кайгуул милиция башкармалыгынан билдиришти.

Жол кырсыгы бүгүн, 11-февралда, саат 15:30дар чамасында 12-кичи райондогу Токомбаев көчөсүндө (Түштүк Магистраль) болгон.

"Subaru Legacy үлгүсүндөгү унаанын 30 жаштагы айдоочусу рулду башкара албай калып, электр түркүгүн барып сүзгөн. Жабыркагандар жок", — дешти милициядан.

Жол кырсыктын чоо-жайы такталып жатат.