Көпчүлүк өз алдынча көчөт отургузуп, бирок аны кароосуз калтырышат. Бул тууралуу Элнура Жолдошева Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, борбор калаанын тургундары бак отургузуу үчүн көчөттөрдү "Жашыл чарба" муниципалдык ишканасынан алса болот.
"Шаар тургундары бак-дарак отургузууда эрежелерди сактабайт. Мисалга, айрымдар көлөкө болсун деп үйүнүн түбүнө бак өстүрөт. Кийин ал өсүп чыгып, пайдубалга зыянын тийгизет. Мындан тышкары, аллергия кылган бак-дарактарды отургузбаш керек. Шаар тургундары акыркы убакта жоопкерчиликтүү болуп, жашылдандырууга өз салымын кошуп жатышат. Ошол эле учурда бак-дарак тигип, бирок аны кароосуз калтыргандары дагы көп болууда", — деди Жолдошева.
Ошондой эле ал жоопкерчиликтүү короолорду мекеме колдоого алып, сынак уюштура турганын кошумчалады.