Шейшембиге карата аба ырайы

11-февралда көпчүлүк аймактарда кар жаайт. Зымдарга жана бактарга суу кар жармашат. Жолдор тайгак жана тоңголок болуп, тоолуу райондордо кар күрткүсү күтүлөт.
Sputnik

БИШКЕК, 10-фев. — Sputnik. Шейшемби күнү, 11-февралда, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда жана Ысык-Көл облусунун чыгышында катуу жаан-чачын болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда 17-22 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүйдө -1…+4, Талас жергесинде -2…+3, Ысык-Көлдө 0…+5, Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында +2… +7 градус жылуу, ал эми Нарында -5…-10 градус суук болот.

Ош жана Бишкек шаарларында мезгил-мезгили менен кар жаайт. Күндүн табы борбор калаада +2…+4, Ошто +4…6 градуска чейин көтөрүлөт.