Жаш режиссердун “Селкинчеги” Гонконг менен Мюнхенде көрсөтүлөт

Самара Сагынбаева 30 жашта. Ушу тапта Чехиянын Прага шаарында билим алып келет. Буга чейин Темир Бирназаровдун курсунан өтүп, “Туяк” аттуу даректүү тасма тарткан.
Sputnik

БИШКЕК, 10-фев. — Sputnik. Кыргызстандык жаш режиссер Самара Сагынбаеванын “Селкинчек” деп аталган кыска метраждуу тасмасы Гонконг менен Мюнхен шаарларында өтчү эл аралык кинофестивалдарына тандалып алынды. Бул тууралуу Кинематографияны колдоо департаменти билдирүүдө.

Кыргызпатенттен эң көп сый акыны Бек Борбиев менен Мирбек Атабеков алды
Маалыматта Гонкогдо өтчү XXV фестиваль “Азиянын жаңы толкуну” деп аталып, 25-февралдан 6-мартка чейин созулмакчы. Ал эми Мюнхендеги BUNTER HUND аттуу кыска метраждуу тасмалардын фестивалы 5-8-мартка белгиленген.

Фильм айылдык мектепте от жаккыч болуп иштеген Болот аттуу жашы өтүп калган адам тууралуу. Ансыз да кампада аз болуп турган көмүрдөн уурдап кел деген байбичесинин азгырыгына туруштук берер-бербеси тасманын өзөгүн түзөт.

Белгилей кетсек, Самара Сагынбаева 30 жашта. Ушу тапта Чехиянын Прага шаарында билим алып келет.