Пресс-борбор

Министр Фальков Россияда канча кыргызстандык билим алып жатканын айтты

Фальковдун айтымында, кыргызстандыктардын көбү бюджеттик негизде билим алып жатат. Ал ошондой эле Россия Кыргызстан менен билим берүү жаатында кызматташууга өзгөчө көңүл бөлүп жатканын белгиледи.
Sputnik

БИШКЕК, 10-фев. — Sputnik. Россиянын илим жана жогорку билим берүү министри Валерий Фальков Россиядагы университеттерде канча кыргызстандык окуп жатканын айтты. Ал "Эл аралык кызматташуу маселелери" аттуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунда өткөн видеокөпүрөгө катышты.

Министр Фальков Россияда канча кыргызстандык билим алып жатканын айтты

Министрдин айтымында, студенттердин көбү бюджеттик формада окуп жатат.

"Россиянын жогорку окуу жайларында 7,5 миң кыргызстандык билим алууда. Бул сан жыл сайын өсүп жатат. Алардын үчтөн эки бөлүгү федералдык бюджеттин эсебинен окуп жатышат", — деди ал.

Фальков Россия кыргызстандык студенттерге өзгөчө көңүл буруп жатканын белгиледи. Ал ошондой эле эки өлкөнүн кызматташуусу мындан ары дагы өнүгөөрүнө ишенип турганын кошумчалады.