Москва шаарында Рыспай Абдыкадыровдун ырлары жаңырды

Башкы орунду калыстар тобу конкурска катышкан 32 талапкердин ичинен Алмаз Ибраимов аттуу таланттуу аткаруучуга ыйгарган.
Sputnik

БИШКЕК, 10-фев. — Sputnik. Москва шаарында белгилүү обончу жана ырчы Рыспай Абдыкадыровдун ырларын аткарган таланттар арасында сынак болду. Бул туурасында Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин маалымат кызматынан кабарлашты.

Сатаев: Рыспай Абдыкадыров мени неберем, атамды балам деп жакын көрчү
Конкурс "Ырдайлы, Рыспайдын ырларын" деп аталды. Ага аткаруучулардан сырткары Москва шаарындагы кыргыз диаспорасынын коомдук уюмдарынын жетекчилери, активисттери жана КРдин РФтеги элчиси Аликбек Жекшенкулов катышкан.

Ал Абдыкадыровдун чыгармачылыгын өзгөчө белгилеп, сынактын уюштуруучуларына жана катышуучуларга элчиликтин ыраазычылык каттарын тапшырган.

Конкурска катышкан 32 талапкердин ичинен башкы орун Алмаз Ибраимов аттуу аткаруучуга ыйгарылган.