Радио

Самаганова: медиктер баланын үй-бүлөлүк шартын комплекстүү карайт

Медициналык жардам жана дары-дармек саясаты уюмун уюштуруу башкармалыгынын башкы адиси Бермет Самаганова зордук-зомбулук катталганда айрым кыйынчылыктар кездешкенин айтты.
Sputnik
Самаганова: медиктер баланын үй-бүлөлүк шартын комплекстүү карайт

Зордук-зомбулукка кабылган балдарды коргоо стандарттары кабыл алынды. Ага ылайык, дарыгерлер мурдагыдай баланын ден соолугуна эле кам көрбөстөн, балага эмне тамак берилип жатканынан тартып үйдүн жылуулугу жана ушуга окшогон факторлордун негизинде үй-бүлөнүн шартын комплекстүү карайт. Бул тууралуу Бермет Самаганова Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, кабыл алынган стандарттар медиктер үчүн ыңгайлуу, бирок айрым тоскоолдуктар бар.

"Зордук-зомбулукка кабылган балдарды коргоо стандарттары мамлекеттик органдардын иш алып баруусунун так көргөзмөсү. Алгач Стамбул протоколу киргизилген. Анда зордук-зомбулукту аныктоо жана аны каттоо боюнча атайын стандарттар жазылган. Кийин зордук-зомбулукка кабылган балдарды каттоо, анын документ иштерин жүргүзүү, медициналык камкордук көрүү боюнча кыйынчылыктар чыга баштады. Натыйжада 2018-жылы сектор аралык топ түзүлүп, зордук-зомбулуктун алдын алуудан баштап, ага көрсөтүлө турган жардамдар тууралуу так жана толук жазылган стандарттар кабыл алынды", — деди Самаганова.

Адис ошондой эле депрессия, суицидге жакын кишилерди аныктап, психологиялык жардам берүү боюнча программа иштелип чыкканын кошумчалады.