Коронавирустун инкубациялык мөөнөтү 14 эмес, 24 күн болушу мүмкүн

Буга чейин илдеттин инкубациялык убактысы 14 күн деп белгиленип, дал ушул убакытка ылайыкталып карантин жарыяланган. Вирус инкубациялык мезгил учурунда башкаларга тез жугат.
Sputnik

БИШКЕК, 10-фев. — Sputnik. Коронавирустун инкубациялык мөөнөтү мурда айтылгандай 14 эмес, 24 күнгө созулушу мүмкүн. Бул тууралуу РИА Новости "Хунсин Синьвэнь" басылмасына шилтеме берип жазды.

Изилдөөчү топтун мүчөсү Гуань Вэйцзенин айтымында, Кытай Эл Республикасынын Саламаттык сактоо маселелерин караган мамлекеттик комитетинин эксперттик комиссиясы жүргүзгөн изилдөөнүн көчүрмөсү интернетке тарап кеткен.

Кытайдагы куш тумоосунун жайылып жатканы кабарланды
Текстте Кытайдын коронавирус жайылган 31 аймагында атайын изилдөө жүргүзүлгөнү белгиленген. Натыйжада, илдеттин инкубациялык мөөнөтү 3 күндөн 24 күнгө чейин созулары аныкталган.

Гуань Вэйцзе бул алдын ала маалымат экенин белгиледи. Анткен менен эгер бул божомол тастыктала турган болсо коркунуч жаралышы мүмкүн. Себеби буга чейин вирустун инкубациялык убактысы 14 күн деп белгиленип, дал ушул убакытка ылайыкталып карантин жарыяланган. Белгилей кетчү жагдай, вирус инкубациялык мезгил учурунда башкаларга тез жугат. Эгер изилдөөчүлөрдүн жаңы тыянагы тастыктала турган болсо анда карантиндин нормаларын кайра карап чыгуу зарылдыгы жаралат.

Кытай бийлиги 2019-жылдын 31-декабрында Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмуна (ДСУ) өлкөнүн борбордук бөлүгү Ухань шаарында белгисиз пневмония оорусу күч алганын билдирген. Адистер оорунун козгогучу коронавирус nCoV 2019 экендигин аныктап, эл аралык деңгээлдеги өзгөчө кырдаал деп жарыялады.