Кыргызга жээн Элизабет Турсынбаева дүйнөдөгү мыкты муз бийчилеринин катарына кирди

Белгилей кетсек, Турсынбаеванын апасы Кыргызстандын Аксы районунда туулуп-өскөн кыргыз кызы Падишахан Султаналиева. Анын жолдошу казакстандык.
Sputnik

БИШКЕК, 10-фев. — Sputnik. Эл аралык коньки тебүүчүлөр бирикмеси (ISU) жалгыз тебүү жаатындагы дүйнөнүн эң мыкты 10 спортчусун атады. Алардын арасында казакстандык муз бийчиси Элизабет Турсынбаева бар экенин Sputnik Казакстан агенттиги жазды.

"Өткөн жылдын март айында Элизабет Японияда өткөн дүйнө чемпионатында күмүш медалга татыган эле. Анда муз бийчиси чоңдор арасында тарыхта биринчи жолу сальхов секиригинде төрт жолу айланган", — деп айтылат макалада.

Рейтингде мыктылардын үчтүгүнө япониялык спортчулар Рика Кихира, Сатоко Мияхара жана россиялык Алина Загитова кирди. Турсынбаева 10-орунду ээлеген.

Көркөмдөп муз тепкен кыргыз кызы Австрияны багындырууда. Атасы менен маек
Белгилей кетсек, Турсынбаеванын апасы Кыргызстандын Аксы районунда туулуп-өскөн кыргыз кызы Падишахан Султаналиева. Анын буга чейин Sputnik агенттигине айтып бергенине караганда, мектепти аяктаары менен Москвага барып, МГУнун экономика факультетинде билим алган. Жолдошу казакстандык. Элизабет 2015-жылы АКШнын Солт-Лейк-Сити шаарындагы мелдеште экинчи орунду, 2016-жылы Жаштар арасындагы II олимпиадалык оюнда жана 2017-жылы Кышкы Азия оюндарында үчүнчү орунду ээлеген.