Sputnik агенттиги окурмандарга жылуулук чачкан, жакшылык кылууга чакырган макалаларды жарыялап келет.
Бул окуя Ош облусунун Кара-Суу шаарында жай мезгилинде болгон. Ал кезде Өзбекстан аркылуу Оштон Жалал-Абадга машина менен жарым саатта эле жетчүсүң. Жумуштар менен түштүк борборго жолум түшүп калды. Эки күндө бардык пландалган ишти аткарып, Кара-Сууга барып чече турган бир эле маселе калган. Тийиштүү документтерди камдап, зарыл болгон уруксат кагаздарын бекиттирип алыш үчүн Ошко чыктым.
Аны уккан мен кийим-кечем менен сумкамды алайын деп кайра артка — Кара-Сууга кайттым. Ошто көтөрүп кыйналбайын деп калтырып койгом да жүгүмдү. Жаткан жериме жетип, Кара-Суудагы майда-барат иштерди чечкенче кеч кирип кетти. Жалал-Абадга кетчү машиналардытоскон жер шаардын аркы башында эле. Оор сумкам менен сүйрөлүп ал жакка жеткенче түн бир оокум болду. Шаар аралык кан жол үйлөрдөн кыйла эле ыраакта экен. Орточо бир-бир жарым саат унаа күтүп турдум. 90-жылдары машиналар сейрек каттачу эмес беле.
Зериккенден ошол кездеги түтүк тамекиден түтөтүп тургам. Тамеки анда табылгыс, табылганы кымбат. Заводдо тамеки жасоого пайдаланылчу түтүктөрдү базардан сатып алар элек. От менен түтүн жанагы балдардын көңүлүн бурса керек... Эки караан эле караңгыдан чыга келип, жаныма жакындашты. Учурашып, бир-эки кеп айтып, унчукпай туруп калышты. Алар да менчилеп машина тосуп турушкан өңдөнөт. 15 мүнөттөй өткөн соң эле экөө бир аз жыла “бул баланын сумкасы аябай чоң экен" деп өз ара кобурашканын кулагым чалып калды.
Кайдан-жайдан дырылдаган катуу үн угулуп, жарыгы көздү уялтты... Бурулуштан пахта жүктөлгөн чиркегичи бар трактор келе жатат. Жанагы экөө селдейе түшүштү да кыйкыра мага атырылышты.
Тракторист токтобостон эле бир аз жайлап чиркегичке секир дегендей мага сигнал берди. Болгон күчүм менен сумкамдын боосун тартып алдым да чуркап жөнөдүм. Ошол беш-он метр мага бүтүндөй марафон сымал сезилди. Күшүлдөп-бышылдап бир аз ылдамдаган трактордун темир бортуна жетүү үчүн чуркадым. Чиркегичке секирип мамыктай аппак пахтага түшүп калдым да, кериле бир дем алдым...
Канча жүрдүк билбейм, бирок эсиме келип, айланага көз чаптырганымда көзгө сайса көрүнгүс караңгы эле. "Караңгы түштүк түндөрү" деп ойлондум да кабинага жакындадым. Тыкылдата токтотуп коюусун өтүндүм. Айдоочу өзбек тилинде: "Камсанаба, бир аз жата тур, иним, аз калдык", — деп койду.
Пахтага жатып, чиркегичтин термегени, трактордун бир калыпта дырылдаганы мени уйкуга салды. Трактор бир короого кирип токтоду. Айдоочу мени өз үйүнө алып келиптир, ойготуп, үйгө кирүүгө чакырды. Дасторкондо жупуну кечки тамак — эт кошулбай басылган палоо жана нан чайы менен турат. Кожоюн үндөбөстөн чай куюп, тарелканы мага узатып: “Аштан ал, иним", — деп коюп чыгып кетти. Көрсө, ал мага өзүнүн кечки тамагын бериптир. Бир аздан кийин баш багып, мени жеңил матрасы, аппак шейшеп салынган жалгыз керебет турган бөлөк бөлмөгө киргизди.
Аялы мага чай берип, жолго узатты. "Иним, атабыз этият болуңуз деп айтып коюну өтүндү", — деди коштошордо үйдүн кожойкеси…
Бир топ жылдан кийин ал айылга барганымда мени куткарып калган ошол тракторчуну табайын дедим. Бирок коңшуларынын айтымында, Россияга көчүп кеткенине көп болуптур... Кайда жүрсө да, эр жүрөк, кең пейил киши эч жамандыкка кабылбас деп ойлойм. Алкыш сага, тракторчу аке!