20 сомдук купюра өз баасынан 500 эсе кымбат сатылууда. Себеби эмнеде?

Нумизматтар жалаң нөл менен жазылган номердеги акчаны жогору баалап, кымбатка сатып алуудан да аянбайт.
Sputnik

БИШКЕК, 10-фев. — Sputnik. Россиянын Starina.ru деп аталган интернет-аукционунда 20 сомдук купюра сатууга коюлду.

Кыргызстандын 10 сомдук купюрасы 1100 эсе кымбат сатылууда. Ким эмнеге алат?
Баштапкы баасы тогуз миң рублди (9,9 миң сом) түздү. Бул өз баасынан дээрлик 500 эсе кымбат сатылып жатканын түшүндүрөт. Банкнотанын баалуулугу анын 0000000 (ВН сериясы) деген номеринде.

Нумизматтар мындай акчаны жогору баалап, кымбатка сатып алуудан да аянбайт.

Ачык булактарда жалаң нөл менен жазылган номердеги ар кандай валютадагы купюралар сатууга чыкпай, үлгү катары гана колдонулары жазылган. Бирок аукционго коюлган 20 сомдук банкнотанын "үлгү" деген белгиси жок.