10 миллион сомго 12 сериядан турган эки телесериал тартууга сынак жарыяланды. Бул тууралуу Эрмек Амантур уулу Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, демилге улуттук телесериалдарды өнүктүрүү максатында өкмөт тарабынан көтөрүлгөн.
"Өлкөдө Корея, Бразилия жана түрк тасмалары көрсөтүлүп келүүдө. Алар элибизге сөзсүз өз таасирин тийгизет. Ошондуктан социалдык маанидеги патриоттуулук, каада-салт, Ата Мекенди сүйүү, жаш муунду тарбиялоо багытында телесериалдарды жаратуу үчүн сынак жарыяланды. Ага 10 миллион сом бөлүндү. Кино тармагында эмгектенип жүргөндөр менен жыйын өткөрүп, бөлүнгөн каражат канча сериалга жете турганы талкууланды. Натыйжада бардык жагдайларын эсептеп чыгып, хронометражы 40 мүнөттөн турган 12 сериялуу эки сериал тартыла турган болду. Ошондо ар бирине беш миллион сомдон каралган", — деди Амантур уулу.
Ошондой эле ал эмгектер коомчулуктун назарына октябрь айында тартууланып кала турганын кошумчалады.