БИШКЕК, 9-фев. — Sputnik. Кыргызстандык мушкер Валентина Шевченко америкалык Кэтлин Чукагянды баш көтөрпөй жеңип алды.
Биринчи бөлүктүн аяк ченинде Шевченко атаандашын басып алып чыканак менен урганда маңдайы жарылып, канап кетти. Экинчи раундда дагы партерде иштеп, күтүлбөгөн соккуларды жасап каршылашынын айласын кетирди.
Үчүнчү раунд башталгандан көп өтпөй Шевченко Чукагянды көтөрүп чаап, токтоосуз бетке сокку узата баштады. Буга чыдабаган атаандашы багынып берүүгө аргасыз болду.
Натыйжада Шевченко техникалык нокаут менен уткан мушкер катары жеңүүчү аталды. Ушуну менен кыргызстандык спортчу чемпиондук наамын үчүнчү ирет коргоду.
Мушкер кыздардын беттеши Бишкек убактысы боюнча 9-февралда эртең менен Техас штатынын Хьюстон шаарында UFC 247 турниринин алкагында өттү.