Шевченко чемпиондугун коргоо боюнча Нурмагомедовдон ашып кетти

Чемпиондук курун сактап калуунун саны боюнча түзүлгөн рейтингдин башында Аманда Нуньес турат. Ал наамын коргоо үчүн беш ирет беттеш өткөрүп, олжолуу болгон.
Sputnik

БИШКЕК, 9-фев. — Sputnik. Кыргызстандык мушкер Валентина Шевченко UFC уюмундагы чемпиондук титулун сактап калган беттештеринин саны боюнча Хабиб Нурмагомедовдон ашып кетти. Бул тууралуу sport24 порталы жазып чыкты.

Шевченко жеңишинен кийин лезгинка бийлеп, Кыргызстанга салам айтты. Видео
Эскерте кетсек, Хьюстон шаарында өткөн UFC 247 турниринин алкагында Шевченко америкалык Кэтлин Чукагянды үчүнчү раундда техникалык нокаут менен утуп алды. Буту менен атаандашынын колун “байлап”, бош колу менен бетке ургулай баштаганда калыс таймашты токтотуп койду.

32 жаштагы спортчу ушуну менен чемпиондук наамын үчүнчү ирет коргоп, жеңил салмактагы чемпион, россиялык спортчу Хабиб Нурмагомедовду артта калтырды.

Чемпиондук курун сактап калуунун саны боюнча түзүлгөн рейтингдин башында Аманда Нуньес турат. Ал наамын коргоо үчүн беш ирет беттеш өткөрүп, олжолуу болгон.