Казакстанда Масанчи жана Сортөбе айылдары мушташтан кийин бош калды. Сүрөт

Масанчи жана Сортөбе айылдарынын тургундары үйлөрүн таштап, кыштактардан чыгып кетишти. Учурда ал жакта электр жарыгы менен интернет жок.
Sputnik

БИШКЕК, 9-фев. — Sputnik. Казакстандын массалык мушташ болгон Масанчи жана Сортөбе айылдары ээнсиреп калды. Бул тууралуу Sputnik Казакстан агенттиги жазды.

Казакстанда Масанчи жана Сортөбе айылдары мушташтан кийин бош калды. Сүрөт

Маалыматка караганда, ушул тапта кыштактарда электр жарыгы да, интернет дагы жок.

Казакстанда Масанчи жана Сортөбе айылдары мушташтан кийин бош калды. Сүрөт

Массалык мушташтан кийин аталган айылдардын 4 миңдей тургуну Кыргызстан тарапка өтө качканы айтылган.

Казакстанда Масанчи жана Сортөбе айылдары мушташтан кийин бош калды. Сүрөт

Жергиликтүү бийлик органдарынын билдирүүсү боюнча, 2009-жылкы эл каттоонун жыйынтыгы менен Сортөбе айылында 14 миң киши, Масанчиде 13 миң киши жашачу.

Казакстанда Масанчи жана Сортөбе айылдары мушташтан кийин бош калды. Сүрөт

Масанчидеги мушташ

7-февралда Казакстандын Жамбыл облусундагы Масанчи айылында жергиликтүү тургундар ортосунда массалык мушташ болгон. Жергиликтүү укук коргоо кызматкерлери ал окуяга тиешеси бар адамдарды аныктоо иштерин жүргүзгөн.

Казакстандагы массалык мушташ кандайча башталган? Окуянын чоо-жайы
Ошол эле күнү Жамбыл облусунун Сортөбе айылында эки жаран автоунаасы менен полициядан качып барып өз үйүнүн алдынан колго түшкөн. Алар погончондорго баш ийбей, окуя болгон жерге алардын жакындары чогулуп тартип сакчыларына кол көтөрүп, кызматтык унаасына таш ыргыткан.
Башаламандыктан 30 үй, 15 соода имараты, 23 автоунаа жабыркаган.
Учурда абал көзөмөлгө алынып, жеринде ыкчам-тергөө тобу иштөөдө. Анда жалпы 47 адам кармалып, алардан эки аң уулоочу мылтык алынды.