Казакстандагы массалык мушташ: өлгөндөрдүн саны 11ге жетти

Аймакка өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Учурда ооруканаларда ондогон жабырлануучулар дарыланып жатат. Арасында абалы оор деп бааланып жаткандар да бар.
Sputnik

БИШКЕК, 9-фев. – Sputnik. Казакстандын Масанчи айылында чыккан массалык мушташтан көз жумгандардын саны 11ге жетти. Бул тууралуу Sputnik Казакстан агенттиги жазды.

"Жалпысынан каза болгондордун саны бүгүн эртең менен 11 болду. Түндө эки киши ооруканада көз жумду. Бирөөнүн ким экени аныкталбай жатат", — деди агенттиктин Сортөбе айылында жүргөн кабарчысы.

Буга чейин сегиз кишинин өлүмү тууралуу айтылып жаткан.

Масанчидеги мушташ

7-февралда Казакстандын Жамбыл облусундагы Масанчи айылында жергиликтүү тургундар ортосунда массалык мушташ болгон. Башаламандыктан 30 үй, 15 соода имараты, 23 автоунаа жабыркаган.
Белгилей кетсек, аталган айылдарда жашагандардын арасынан 4 миңдей киши Кыргызстандын аймагына өтө качканын Чек ара кызматынан билдиришкен.

Учурда айылдар ээн калды, үйлөрдө электр энергиясы жана интернет жок.