Бир күндө 4 миңдей казакстандык Кыргызстандын аймагына өттү

7-февралда Казакстандын Жамбыл облусундагы Масанчи айылында жергиликтүү тургундар ортосунда массалык мушташ болгон.
Sputnik

БИШКЕК, 9-фев. — Sputnik. 8-февраль күнү Казакстандын төрт миңдей жараны Аухатты чек ара көзөмөл бекетинен Кыргызстандын аймагына өттү. Бул тууралуу Sputnik Казакстан агенттиги жазды. 

Аталган пункт Жамбыл облусуна караштуу Кордай районунда жайгашкан. Дал ушул аймакта 7-февраль күнү башаламандык болуп, адамдар каза тапты.

Буга чейин жергиликтүү айылдын тургундары Кыргызстандын аймагына өтүүгө аракет жасап жатканы, кээ бирлери коңшу өлкөгө жетүү үчүн унааларын дагы таштаганы айтылган.

Казакстандагы массалык мушташ кандайча башталган? Окуянын чоо-жайы
Эске салсак, 7-февралда Казакстандын Жамбыл облусундагы Масанчи айылында жергиликтүү тургундар ортосунда массалык мушташ болгон. Жергиликтүү укук коргоо кызматкерлери ал окуяга тиешеси бар адамдарды аныктоо иштерин жүргүзгөн.

Ошол эле күнү Жамбыл облусунун Сортөбе айылында эки жаран автоунаасы менен полициядан качып барып өз үйүнүн алдынан колго түшкөн. Алар погончондорго баш ийбей, окуя болгон жерге алардын жакындары чогулуп тартип сакчыларына кол көтөрүп, кызматтык унаасына таш ыргыткан. Жыйынтыгында эки адам убактылуу кармоочу жайга киргизилип, аларга карата тергөө иштери жүрүүдө.

Массалык мушташ кандайча башталганын Sputnik агенттигинин материалынан окуңуздар.