БИШКЕК, 8-фев. — Sputnik. Индиядагы жети жашар Раджешвари сейрек кездешкен ихтиоз оорусунан улам денеси ташка окшошуп баратат. Бул тууралуу Daily Mail жазды.
Кыз Чхаттисгарх штатында жашайт. Ал жакта оорукана жок болгондуктан коңшу шаардагы дарыгерлерге баруу кыйынчылык жаратууда. Анын колу-бутун, ичин жана далысын ыйлакча сымал шишиктер баскан. Денеси кыймылдаган сайын ооруксунтуп турат.
Дарыгерлердин айтымында, бул оору тукум кууйт, кээде башка факторлор да себеп. Абалды А витамини бар препараттар гана жеңилдетип, бирок толук айыктыра албайт.
Макалада бул илдет боюнча изилдөөлөр жүргүзүлүп, бирок дабасы табыла электиги белгиленет.