Дүйшөмбүгө карата аба ырайы

10-февралда түнкүсүн Чүй, Талас облустарынын кээ бир райондорунда жаан, кар жаайт. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондоруна кар түшөт.
Sputnik

БИШКЕК, 9-фев. — Sputnik. Дүйшөмбү күнү, 10-февралда, күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Жолдор тайгак жана тоңголок болуп, тоолуу райондордо кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир райондордо 17-22 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүйдө +9...+14, Талас аймагында +5...+10, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +10...+15, Ысык-Көлдө +4...+9 градус жылуу, ал эми Нарын жергесинде -1...-6 градус суук болот.

Бишкекте эртең менен жана күндүз жаан, кар жаашы күтүлөт, ал эми Ош калаасында күн ачык болот. Күндүн табы борборубузда +11...+13, Ошто +13...+15 градуска дейре көтөрүлөт.