Бишкекте унаа оңдоочу жайдан өрт чыгып, коюу түтүн каптады. Видео

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдын ала маалыматы боюнча, унаа оңдоочу жайдан өрт чыгып, эки бригада тартылды.
Sputnik

БИШКЕК, 9-фев. — Sputnik. Бишкектин Күрөңкеев жана Абдырахманов көчөлөрүнүн кесилишинде унаа оңдоочу жай өрттөнүп жатат. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Кырсык тууралуу өрт өчүрүүчүлөргө саат 14:52лер чамасында маалымат түшкөн. Аталган дарекке эки бригада чыгып кеткени белгилүү болду.

Күбө жөнөткөн видеодо коюу кара түтүн абага көтөрүлүп жатканы алыстан көрүнүп турат.