Бишкекте гидроэнергетикалык компаниялардын катышуусунда ири иш-чара болот

Иш-чарада гидроэнергетика тармагына керектүү жабдууларды, кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштаган ондогон ири компаниялар өз продукцияларын көрсөтөт.
Sputnik

БИШКЕК, 9-фев. — Sputnik. Борбор калаада ири компаниялардын катышуусунда эл аралык иш-чара уюштурулат. Бул тууралуу Улуттук энергохолдингден кабарлашты.

"Гидроэнергетика Борбордук Азия жана Каспий 2020" аталышындагы конгресс жана көргөзмө 19-20-февраль күндөрү Бишкек шаарында болот. Ага Кыргызстан, Тажикстан, Өзбекстан, Грузия, Армениянын бийлик өкүлдөрү жана эксперттери катышат.

Мындан сырткары, гидроэнергетика тармагына керектүү жабдууларды, кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштаган ондогон ири компаниялар өз продукцияларын тааныштырат.

Ошондой эле бир катар эл аралык финансылык уюмдардын өкүлдөрү келет.