Таиландда 27 кишини атып өлтүргөн аскер жок кылынды

8-февраль күнү Таиланд аскеринин сержанты Накхон Ратчасима шаарындагы Terminal 21 соода борборунда ок чыгарып, адамдарды кармап алган.
Sputnik

БИШКЕК, 9-фев. – Sputnik. Таиландда элге ок чыгарып, жай тургундарды барымтага алган аскер кызматкери бир нече сааттан кийин жок кылынды. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги жазды.

Эске салсак, 8-февраль күнү Таиланд аскеринин сержанты Накхон Ратчасима шаарындагы Terminal 21 соода борборунда ок чыгарып, адамдарды кармап алган. Ошол сааттарда 17 кишинин өлүмү тууралуу айтылган.

"Кылмышкер спецназ тарабынан жок кылынды. Полициянын генералы Чактхип Чайчинда сержанттын өлтүрүлгөнүн айтып, операцияны токтотту”, — деп айтылат макалада.

Акыркы маалыматтарга караганда, жеринде 27 киши көз жумуп, 63 адам жабыркаган.