Токаев Кыргызстанга жакын казак айылындагы массалык мушташ боюнча үн катты

Коңшу өлкөнүн башчысы өзүнүн Twitter баракчасына ал жактагы абал жөнүндө жазып, чагымчылдар кырдаалды курчутууга аракет кылганын айтты.
Sputnik

БИШКЕК, 8-фев. — Sputnik. Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Кыргызстандын чек арасына жакын Масанчи айылында болгон башаламандык боюнча билдирүү таратты. Бул тууралуу Sputnik Казакстан агенттиги жазып чыкты.

Токаев өзүнүн Twitter баракчасына ал жактагы абал жөнүндө жазып, чагымчылдар учурдан пайдаланып, кырдаалды курчутууга аракет кылганын айтты.

"Топтошкон адамдар бейбаштык кылып мушташкан. Ошол абалды чагымчылдар колдонууга аракет кылышты. Полиция абалды турукташтырып, аны көзөмөлгө алды", — деп жазды Токаев.

Ал ошондой эле коомдук тартипти бузган тараптар жоопкерчиликке тартыла тургандыгын кошумчалады.

Кыргыз-казак чегинде турган чек арачылар күчөтүлгөн тартипте иштөөгө өттү
Кечээ күнү, 7-февралда, Казакстандын Жамбыл облусундагы Масанчи айылында жергиликтүү тургундар ортосунда массалык мушташ болгон. Жергиликтүү укук коргоо кызматкерлери ал окуяга тиешеси бар адамдарды аныктоо иштерин жүргүзгөн.

Ошол эле күнү Жамбыл облусунун Сортөбе айылында эки жаран автоунаасы менен полициядан качып барып өз үйүнүн алдынан колго түшкөн. Алар погончондорго баш ийбей, окуя болгон жерге алардын жакындары чогулуп тартип сакчыларына кол көтөрүп, кызматтык унаасына таш ыргыткан. Жыйынтыгында эки адам убактылуу кармоочу жайга киргизилип, аларга карата тергөө иштери башталды.