БИШКЕК, 8-фев. — Sputnik. Таиландда аскер адамы элге ок чыгарып, 16 кишини барымтага алды. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Маалыматка караганда, кылмышкер адамдарды Накхон Ратчасима шаарындагы Terminal 21 соода борборунда кармап отурат. Учурда ал жактан ок атуулар угулуп жатат.
“Ошол аймакта жүргөн күбө учурда имараттын ичинен ок атылып жатканын телефон аркылуу билдирди”, - деп айтылат маалыматта.
Таиланддын Чакрапхан Тхомма аттуу кургактагы аскери аскерий бөлүктөгү HamVee унаасын айдап качып, шаардан ок чыгарган. Андан соң Terminal 21 соода борборун автомат жана гранатомёт менен аткылаган. Алдын ала маалымат боюнча, 17 киши каза тапты. Учурда кылмышкер имараттын төртүнчү кабатында 16 кишини барымтага алып отурат.