Кантип кулап түшпөйт? Дубал менен чуркаган улактардын видеосу

Интернет айдыңында торолуп калган улактардын дубал менен чуркап жүргөн видеосу тарады. Анда кашкасы бар сары баш ак улак оңой менен эле секирип чыгып, кадимки кирпич дубалдан басып кеткенин көрүүгө болот.
Sputnik

БИШКЕК, 8-фев. — Sputnik. Ролик China Daily басылмасынын Twitter каналына жайгаштырылган.

​Абалтадан эле эчки тукумундагылардын адам жүрө албаган аска-зоодо так секирип жүргөнү маалым. Ошентсе да, бул видео көптөрдү кайдыгер калтырган эмес.

Эне да! Асканын боорунда калган мамалак менен аюунун видеосу
Биринчи улактын артынан экинчи ак улак да кошо секирип, бирок "бийиктикти" багындыра албай калган.

Бул каарман дубал менен эле эмес, анын бурчунан да "ийгиликтүү" өткөн.

Анткени менен улактардын буга чейин өзүнүн чапчаңдыгы, сүйкүмдүүлүгү менен эле эмес, адаттан тышкаркы кебетеси менен көптөрдү чочуткан жайы бар. Индиядагы Раджастан штатында маңдайы кишинин бетин элестетип турган мутант улак туулган