Терини картайтпайт. Диетолог чемичкенин пайдасы тууралуу айтып берди

Дарыгердин айтымында, күн караманын данеги E витаминине бай. Ал картайбаганга жардам берет. Бирок чемичке калориялуу болгондуктан айрым ооруларга бычактай тиет.
Sputnik

БИШКЕК, 8-фев. — Sputnik. Чемичкени чени менен чагып туруу ден соолукка пайдалуу экендигин дарыгер-диетолог Тамара Прунцева Sputnik радиосуна айтып берди.

Адис күн караманын данеги E витаминине бай болгондуктан адамды картайтпаганга жардам берерин белгиледи.

"Чемичке пайдалуу азык. Ал пайдалуу элементтерге бай болгондуктан тамакка колдонууну сунуштайт элем. Күн караманын даны бизге сулуулук үчүн керек. Ал терини, чачты жана тырмактарды жакшыртат. Ошондой эле анын курамындагы жез сөөк тканын бекемдейт", — деди диетолог.

Ошол эле убакта диетолог чемичке калориялуу экендигин эскерткен.

Кантээр экенбиз? Окумуштуулар эт ден соолукка зыян келтирерин айтышты
"Күн караманын 100 грамм уругунда 600 калорий болот. Ал эми куурулганында 700 калорий. Азыкта май көп болгондуктан толук адамдар аны азыраак жеши керек", — деди Прунцева.

Дарыгер панкреатит (уйку безинин илдети) менен жабыркагандарга чемичке бычактай тийе турганын эскерткен. Андан тышкары, чемичкедеги жез Вильсона-Коновалов деген дартка кабылгандарга терс таасирин тийгизерин айтты.