БИШКЕК, 8-фев. — Sputnik. Бишкектеги Дэн-Сяопин проспектиси менен Алыкул көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан турак үйдөн өрт чыкты. Бул туурасында "Бишкек сегодня" Telegram тайпасындагы окурмандар билдирди.
Алардын айтымында, үйдөн анча алыс эмес жерде күйүүчү, майлоочу каражаттар сатылат жана тез тамактануучу жайлар бар.
ӨКМ үй күйүп жатканын тастыктады. Саат 17:26да эки бөлүм жиберилген. Бир сааттан кийин өрт толугу менен өчүрүлдү. Жабыркагандар жок.