Радио

Асанов: зордук-зомбулуктун алдын алуу боюнча башкармалык түзүлөт

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин үй-бүлөнү, балдарды колдоо жана мамлекеттик төлөмдөр бөлүмүнүн башчысы Самаган Асанов зордук-зомбулукка кабылган балдарды коргоо стандарттары кабыл алынганын айтты.
Sputnik
Асанов: зордук-зомбулуктун алдын алуу боюнча башкармалык түзүлөт

Зордук-зомбулуктун алдын алуу боюнча башкармалык түзүлөт. Бул тууралуу Самаган Асанов Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, көбүнчө турмуштук оор кырдаалга кабылган үй-бүлөлөрдө зомбулук болот.

"Акыркы убакта балдарга карата зордук-зомбулук күч алууда. Ошондуктан Билим берүү жана илим, Саламаттык сактоо, Ички иштер министрликтери менен биргеликте иш алып баруудабыз. Бул багытта Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигине беш штат бөлүндү. Жакында атайын башкармалык түзүлүп, ишти илгерилеткенге мүмкүнчүлүк түзүлөт. Мындан тышкары, турмуштук оор абалга кабылган үй-бүлөлөр аныкталып, аларга жекече план түзүлүп жардам көрсөтүлөт", — деди Асанов.

Ошондой эле ал учурда мигранттардын балдары 107 миң экенин белгилеп, алардын көпчүлүгүнө камкорчу дайындалбай калганын кошумчалады.