Токтогулдагы үйлөрдүн биринен 101 кг кара куурай табылып, шектүү кармалды

Милициянын билдиришинче, наркотикалык заттарды сактоого шектелип жаткан 42 жаштагы киши мурда үч ирет соттолгон.
Sputnik

БИШКЕК, 7-фев. — Sputnik. Жалал-Абаддын Токтогул районуна караштуу Үч-Терек айылындагы үйлөрдүн биринен 101 килограмм 335 грамм баңгизат табылды. Бул туурасында Ош шаардык милициянын маалымат кызматы кабарлады.

Кечээ, 6-февралда, Ош ШИИБинин Криминалдык милициясынын кызматкерлери тарабынан наркотикалык заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө шектелип 42 жаштагы С.А. аттуу жаран кармалган. 

Токтогулдагы үйлөрдүн биринен 101 кг кара куурай табылып, шектүү кармалды
"Токтогул районунун тургуну Ош шаарында баңгизат сатып жүргөндүгү тууралуу маалымат түшкөн. Шектүү кармалгандан кийин наркотикалык заттарды бекиткен үйдү көрсөтүп берген. Экспертиза 101 килограмм 335 грамм өлчөмүндөгү зат кара куурай экенин аныктады", — деп айтылат маалыматта.

Бишкектеги үйлөрдүн биринен баңгизат жасаган лаборатория табылды. Видео
Аталган факт Жазык кодексинин 267 жана 268-беренелери боюнча ("Баңгизаттарын сатып өткөрүү максатында сактоо") сотко чейинки өндүрүшкө алынды. Шектүү Ош шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Кылмышка шектелип жаткан 42 жаштагы кишинин мурда үч ирет соттолгону айтылды.