Бишкектеги "Ош" базарында кайрадан өрт чыкты. Видео, сүрөт

Таңкы саат 05:50дөн тарта тилсиз жоону өчүрүүгө Бишкектин аймагындагы бир нече бригада барган. ӨКМден адам курмандыгы жок экендигин айтышты.
Sputnik

БИШКЕК, 7-янв. — Sputnik. Борбор калаада жайгашкан "Ош" базарында эртең менен чыккан өрт чектөөгө алынды. Бул туурасында ӨКМдин маалымат кызматынан кабарлашты.

Өрт Киев менен Бейшеналиева көчөлөрүнүн кесилишинде аталган соода жайынын жанында жайгашкан дүкөндөн чыккан.

Тилсиз жоонун видеосу "Короче" Telegram каналына жарыяланды.

Таңкы саат 05:50дөн тарта тилсиз жоого Бишкектин аймагындагы бир нече бригада барган.

"Өрттү өчүрүүгө Бишкектин райондорунан өрт өчүрүүчү беш бригада жана куткаруучулар тартылган. Мындан сырткары, ИИМден бир экипаж барган", — деп айтылат маалыматта.

Министрликтен өрт 07:07де чектөөгө алынып, учурда толук өчүрүү иш-чаралары жүргүзүлүп жаткандыгын, адам курмандыгы жок экендигин айтышты.

Окуяга күбө болгондордун бири Sputnik Кыргызстан агенттигине товарларды арзан баада саткан төрт контейнер өрттөнгөнүн кабарлап, сүрөттөрдү редакцияга жиберди.

Аталган базарда акыркы жылдары өрт  бир нече ирет чыгып келет.