Ондогон мыкты обондорду жараткан инсанды Sputnik Кыргызстан агенттиги эскерип, өмүрү жана чыгармачылыгындагы кызыктуу фактыларды сунуштайт.
Атасынан эрте ажыраган. Асанкалый Керимбаев 1950-жылы 7-февралда Жалал-Абад облусунун Аксы районуна караштуу Иринжит айылында жарык дүйнөгө келген. Ал атактуу Керимбай болуштун небереси эле. Чоң атасы совет бийлиги тарабынан куугунтукталып, мал-мүлкү тартып алынган. Ал эми өз атасы Сибирге айдалып, ал жактагы түрмөдө 10 жыл жатып келип көз жумган. Ошентип эки айлык Асанкалый атасыз өскөн.
ЖОЖду тогуз жылда аяктаган. Кийин борбор калаага замандашы Түгөлбай Казаков менен келип Мамлекеттик искусство институтуна тапшырган. Ортодо аскерге кетип, келгенден кийин кайра окуп институтту тогуз жылда аяктаган. Андан соң Токтоболот Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында, филармонияда, Коомдук телерадиоберүү корпорациясында эмгектенген.
Сөзгө маани берген обончу. Керимбаев өзүнүн жазган обондорунун ыр саптарына өзгөчө көңүл буруп, китепкөй болгон. Ал Алыкул Осмонов, Аалы Токомбаев, Эсенгул Ибраев, Омор Султанов, Шайлообек Дүйшеев, Анатай Өмүркановдун чыгармаларынан мыкты ырларды таап, аларга обон жазган. 80-жылдардын башында калың элдин купулуна толгон обондорду жаратып, ошол кезеңде чыгармачылыгы оргуштап турган мезгил эле. Анын ырларын коңшу казакстандык ырчылар да аткарган.
Таланттардын устаты. Асанкалый Керимбаевди кесиптештери угармандарга жөнөкөй жана түшүнүктүү мыкты обондорду жараткандыгын эскерет. Анын "Муңдашым Мунар кайдасың", "Кусалык", "Гүлдөр гүлгө арзуу айтып ачылат", "Сулуулар", "Ак булуттар", "Бактылуу болгум келет махабаттан" өңдүү чыгармалары азыркыга чейин эл оозунан түшпөй ырдалып келет. Чыңгыз Айтматов атындагы эл аралык сыйлыктын лауреаты жашоосунда Сыймык Бейшекеев, Элмирбек Иманалиев, Майрамбек Осмоновго жол көрсөтүп, айрымдарынын устаты болгон. Обончу шакирттерине "жараткан чыгарманы он жылдан кийин да сыймыктануу менен угуу керек" деп эскертип турган.
Кыргыз Республикасынын эл артисти борбор калаадакөпкө чейин үйлүү боло албай жүрүп, турак жайга араң жеткени айтылат. Студент кезинде эле кант диабети менен жабыркап, кан басымы жогорулап кетчү экен. 1999-жылы 10-декабрда ден соолугу начарлап, 49 жашында бул дүйнө менен кош айтышкан.