Караколдук келин бетине бензин чачып өрттөдү делген күйөөсүн кечирди

Окуя ушул жылдын 4-январь күнү болгон. Ч.Н. аттуу киши пикир келишпестиктен улам чогуу жашап жүргөн аялынын бетине бензин чачып, от коюп жибергени аныкталган. Келин Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасынын травматология бөлүмүнө жаткырылган.
Sputnik

БИШКЕК, 7-фев. — Sputnik. Караколдук келин үстүнө бензин чачып өрттөп жиберди делген жарандык никедеги күйөөсүн кечирди. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук милициясынан билдиришти.

Окуя ушул жылдын 4-январь күнү болгон. Ч.Н. аттуу кишинин пикир келишпестиктен улам чогуу жашап жүргөн аялынын бетине бензин чачып, от коюп жибергени аныкталган. Андан соң ал киши окуя болгон жерден качып кеткен. Келин Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасынын травматология бөлүмүнө жаткырылган.

"Январь айынын аягында келин тосмо арыз жазып берип, күйөөсүн кечирип, элдешип алганын билдирген. Бирок оор кылмыштарга тосмо арыз кабыл алынбайт жана кылмыш иши токтотулбайт. Учурда иш иликтенүүдө. Анын жыйынтыгы менен иш сотко өтөт", — деп айтылат билдирүүдө.

Милициядан кошумчалашкандай, шектүү январь айынын башында кармалган. Учурда Караколдун тергөө абагында.