Азамат Болгонбаев КТРКнын Байкоочу кеңешинин төрагасы болуп шайланды

Өткөн жылдын ноябрь айында Жыпар Жекшеев Байкоочу кеңештин төрагалыгынан кеткенден кийин анын орду бош турган.
Sputnik

БИШКЕК, 7-фев. — Sputnik. Төкмө акын, КР эмгек сиңирген артисти Азамат Болгонбаев КТРКнын Байкоочу кеңешинин төрагасы болуп шайланды. Маалыматты Sputnik Кыргызстанга акын өзү тастыктады.

Майра Керим кызы менен айтышканын унутпайт. Азамат Болгонбаев тууралуу 10 факты
Өткөн жылдын 19-ноябрында Жыпар Жекшеев Байкоочу кеңештин төрагалыгынан кеткен. Андан соң төраганын милдетин Нурия Айдабосунова аткарып жаткан.

Кечээ, 6-февралда, кеңештин мүчөлөрү Болгонбаевдин талапкерлигин төрагалыкка жактырышкан. Андан башка талапкер көрсөтүлгөн эмес.

КТРКнын Байкоочу кеӊеши 15 мүчөдөн туруп, беш жылга шайланат.