БИШКЕК, 6-фев. — Sputnik. Турист катары чет жерге чыккандардын басымдуу бөлүгү эч качан тамагынан акча аябайт. Бул тууралуу OneTwoTrip туристтик сервисине шилтеме берип РИА Новости жазды.
Адистер сыртка саякатка чыккан адамдар акчасын көбүнчө эмнеге сарптарын жана кайсы учурда үнөмдөөрүн билүү үчүн 1500 адамдын арасында сурамжылоо жүргүзгөн.
Алардын арасынан 63 пайызы барган жеринен жаңы нерсенин даамын сызып кетүүдөн эч качан акчасын аябай турганын айтышкан. Мындан тышкары, көпчүлүк көңүл ачуу программаларына, оюн-зоокко көп чыгым болорун билдиришкен.
Белек демекчи, Daily Express басылмасы аэропорт кызматкеринин пикирине таянып, эс алуудан кайтып келе жатканда чемодандын ичиндеги ичимдик, атыр сыяктуу айнек идиштеги сынып кала турган нерселерди аман жеткирүүнүн жол-жобосун айтып берди. Морт буюмду чүпүрөктөн эмес, сапаттуу желимден жасалган чемоданга салуу туура экен. Ошондой эле жүгүңүз ары-бери ыргытылбасын десеңиз, аны анча оор кылбаңыз. Кызматкердин айтымында, жүк ташуучулар оор чемодандарды жактырбай ыргытып, түртүп, тепкилеп жылдырган учурлар көп болот.