АКШ президенти Дональд Трамп президенттик кызматынын үч жылына баа берди. Сөзүнүн негизги бөлүгүн экономикалык ийгиликтерге арнап, тышкы саясатка да басым жасады. Иш-чара ойдогудай тынч өткөн жок. АКШ лидери Конгресстин өкүлдөр палатасынын төрайымы Нэнси Пелосинин колун кыспай койгон. Ага жооп кылып, Пелоси Трамптын сөзү жазылган кагазды элдин көзүнчө айрып салды.