Электрик, кароолчу, курьер. Кенже тейлөөчү кызматкерлердин айлыгы көбөйөт

Токтомду ишке ашыруу үчүн бюжеттен жылына 220 миллион сом бөлүнмөкчү. Бул каражат республикалык бюджеттен каралган.
Sputnik

БИШКЕК, 6-фев. — Sputnik. Кыргызстанда мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарындагы кенже тейлөөчү кызматкерлердин эмгек акысы эки эсеге жогорулайт. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Электрик, кароолчу, курьер. Кенже тейлөөчү кызматкерлердин айлыгы көбөйөт

Билдирмеге ылайык, аталган токтомго премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон.

"Эмгек акысы жогорулай турган жумушчулар: автобустардын, жүк ташуучу унаалардын, транспорттук-жыйноочу машиналардын, электр жана авточиркегичтердин айдоочулары, жыгач уста, сантехник, слесарь, электрик, иш кагаздарды мукабалоочу, короо шыпыргыч, багбан, гардеробщик, кароолчу (вахтер), лифтте иштөөчү адам, от жагуучу, курьер, кладовщик, имараттарды оңдоп, тейлеген жумушчулар, калктуу конуштарды, иш бөлмөлөрдү жана кызматтык аймактарды тазалагандар", — деп жазылат маалыматта.

Токтомду ишке ашыруу үчүн бюжеттен жылына 220 миллион сом бөлүнөт. Бул каражат республикалык бюджеттен каралган.