Катышуучулар Бишкектин кайсы май куюучу жайларында бензинди жеткирбей куюп, сапатсыз май сатышарын айтып беришет. Ошондой эле Финпол менен башка мамлекеттик органдар кандай чара көрүшөрү тууралуу маалымат берилет.
Катышуучулар:
- АЛИЕВ Рамис Алиевич — Финполдун борбордук аппаратынын өкүлү;
- МАМБЕТОВ Айбек Кубанычбекович — Финполдун борбордук аппаратынын тергөөчүсү;
- Жогорку Кеңештин депутаттары;
- ЖУКУШЕВ Төрөбай Кубанычбекович — Мамлекеттик экологиялык жана техникалык көзөмөл инспекциясынын Метрологиялык көзөмөл башкармалыгынын башкы инспектору;
- НУРМАТОВ Болотбек Асанович — Бишкектеги текшерип көрүү, метрология жана сертификациялоо борборунун жетекчисинин орун басары.
Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунун дареги: Бишкек шаары, Эркиндик проспектиси, 46 (Чүй проспектиси менен кесилишет). ЖМКларды каттоо жеринен, редакциялык күбөлүк менен жүргүзүлөт.
Маалымат борбордо боло турган иш-чара тууралуу кошумча маалыматты +996 312 98-60-27, +996 312 98-69-47 телефондору аркылуу алсаңыздар болот.
Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунун анонсторун алып туруу үчүн a.valiev@sputniknews.com дарегине жазыңыз.