100 миң көчөт, 2 млн. гүл эгилет. Ош шаарында бак тигүү башталды. Видео

Көчөт отургузуу боюнча алгачкы иштер Осмонов көчөсүнөн башталып, 200гө жакын ийне жалбырактуу дарак тигилген.
Sputnik

БИШКЕК, 6-фев. — Sputnik. Ош шаарында көчөт отургузулуп, көрктөндүрүү иштери башталды. Бул туурасында калаа мэриясынын маалымат кызматы билдирди.

Кечээ, 5-февралда, мэр Таалайбек Сарыбашовдун, шаардык кеңештин төрагасы Жапарбек Ормоновдун жана тийиштүү ишканалардын кызматкерлеринин катышуусу менен Осмонов көчөсүнө 200гө жакын ийне жалбырактуу дарак тигилген.

"Шаарыбызды көрктөндүрүүгө, жашылдандырууга өзгөчө көңүл бурабыз. Жаз айында шаарыбызга 10 миң даана жоогазын жана эки миллионго жакын ар түрдүү гүлдөр эгилет. Мындан сырткары, муниципалдык аймактык башкармалыктар тарабынан 20 миң көчөт отургузулат. Ак-Бууранын жээгине Япониянын сакура дарагын отургузууну пландап жатабыз", — деди Сарыбашов.

Бул жылы Ош шаарына жалпы жонунан 100 миңге жакын көчөт отургузуу пландалууда. Алардын арасында 800 түп ийне жалбырактуу, 1500 жазы жалбырактуу жана 80 миң бадал көчөттөрү бар.