Айдар Акаевге топурак салууга Кыргызстандан кимдер барат?

Кыргызстандын биринчи президенти Аскар Акаевдин баласы Айдар Акаев 44 жашында каза тапты. Анын сөөгү Москвага коюлары белгилүү болду.
Sputnik

Айдар Акаев 5-февраль күнү эртең менен көз жумду. Алдын ала маалыматтар боюнча, анын жүрөгү кармап калган.

Sputnik Кыргызстан агенттиги маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнатына кыргыз саясатчыларынан кимдер барарын сураштырып көрдү.

Спикерлердин бардыгы Кыргызстандын биринчи президентинин үй-бүлөсүнө көңүл айтарын билдиришти.

Айдар Акаевге топурак салууга Кыргызстандан кимдер барат?

1993-1998-жылдары премьер-министр болуп иштеген Апас Жумагулов Москвага барбайт, бирок Айдар Акаевдин жакындарына көңүл айтты.

Айдар Акаевге топурак салууга Кыргызстандан кимдер барат?

Феликс Кулов Аскар Акаевдин учурунда жогорку кызматтарды ээлеп турган. Мисалы, вице-президенттикти аркалаган. Абакта отуруп калган учуру дагы болгон. Кулов акыркы сапарга узатуу зыйнатына катышпай турганын билдирди.

Айдар Акаевге топурак салууга Кыргызстандан кимдер барат?

Укук коргоочу Токтайым Үмөталиева азыр Таласта экенин айтып, бирок Москвага "жөө болсо дагы барарын" белгиледи.

Айдар Акаевге топурак салууга Кыргызстандан кимдер барат?

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Курманбек Осмонов Акаев президент болуп турган кезде биринчи вице-премьер жана Жогорку соттун төрагасы болгон. Ал топурак салуу үчүн Москвага барууга аракет кыларын билдирди.

Белгилей кетсек, Үмөталиева менен Осмонов жакында эле Акаевдин юбилейине катышып келген.

Нурсултан Назарбаевге күйөө бала болгон. Айдар Акаев тууралуу 7 факты
Акаевдин учурундагы мамлекеттик катчы Осмонакун Ибраимов тажыяга катыша турганын айтты.

Ал эми убагында Коопсуздук кеңешинин жетекчиси болуп турган Болот Жанузаков Москвага барууга аракет жасарын белгиледи.

Аскар Акаев президент болуп турган кезде айыл чарба министри болгон Бекболот Талгарбеков болсо Акаевдин үзөңгүлөштөрү чогулуп, топурак салууга кимдер барарын тизмектешерин билдирди. Бирок кимдер тууралуу кеп болуп жатканын ачыктоодон баш тартты.