БИШКЕК, 6-фев. — Sputnik. Кыргыз өкмөтү коронавирус менен күрөшүп жаткан Кытайга гуманитардык жардам катары эмне берерин Sputnik агенттигине вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова айтып берди.
Эске салсак, бир нече күн мурда министрлер кабинети Кытайга гуманитардык жардам берүүгө белсенип жатканын билдирген.
Вице-премьердин айтымында, буга чейин Кытайдан жардам берүү өтүнүчү менен кат келген.
"Коңшулар дезинфекциялоочу каражат, бир жолу колдонмо халат жана бет каптан кол кабыш кылгыла деп көптөгөн мамлекеттерге кайрылуу жиберген. Бизге дагы ШКУ мүчөсү катары ошондой кат келген. Биз жооп катары жардам берүү ниетибизди билдиргенбиз, азыр сүйлөшүүлөр жүрүп жатат", — деди ал.
Кытай бийлиги 2019-жылдын 31-декабрында Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмуна (ДСУ) өлкөнүн борбордук бөлүгү Ухань шаарында белгисиз пневмония оорусу күч алганын билдирген. Адистер оорунун козгогучу коронавирус 2019-nCoV экендигин аныктаган. Жакында ДСУ Кытайдагы вирусту эл аралык деңгээлдеги өзгөчө кырдаал деп атады.
Акыркы маалыматтарга караганда, Кытайда коронавирустан 563 адам көз жумду. Ал эми жуктуруп алгандардын саны 28 018ге жетсе, 1 153 киши сакайып кеткен.