Кыргызстанга кургак учук жана ВИЧ менен күрөшүү үчүн 26,4 млн. доллар бөлүндү

Глобалдык фонд башкармалыгы 2020-2022-жылдары СПИД, кургак учук жана безгек оорусу менен күрөшүү үчүн каражат бөлгөн. Бул акчалар саламаттык сактоо системасын жакшыртууга да багытталган.
Sputnik

БИШКЕК, 6-фев. — Sputnik. Кыргызстанга ВИЧ-инфекция жана кургак учук менен күрөшүүгө 26,43 миллион доллар бөлүнгөнүн өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.

Вице-премьер Алтынай Өмүрбекова БУУнун ВИЧ/СПИД боюнча бириккен программасынын Чыгыш Европа жана Борбор Азиядагы атайы кеңешчиси Мишель Казачкин менен жолугушкан.

Маалыматка ылайык, Глобалдык фонд башкармалыгы 2020-2022-жылдары СПИД, кургак учук жана безгек оорусу менен күрөшүү үчүн каражат бөлгөн. Бул акчалар саламаттык сактоо системасын жакшыртууга да багытталган.

Өкмөттүн маалыматында гранттын негизги талаптары бар. Ага ылайык, программага деп бериле турчу акчанын 15 пайызы мамлекеттик бюджеттен каржыланышы керек. Тагыраагы, Кыргызстан жакынкы үч жыл ичинде кошумча 80 миллиондой сомду жыл сайын берип турат.

ВИЧтин кайсы жол менен көп жугары айтылды
Өмүрбекова Кыргызстанда 2017-2021-жылдары ВИЧ-инфекциясын алдын алуу үчүн программа бекитилгенин маалымдаган. Анын негизги максаты 90-90-90 көрсөткүчүнө жетүү болуп саналат. Биринчиси — ВИЧ/СПИД инфекциясын алып жүргөндөрдүн 90 пайызын аныктоо, экинчиси аныкталган бейтаптардын 90 пайызын дарылоо. Андан кийин дарыланган бейтаптардын 90 пайызынын канынын курамында инфекция чыкпагыдай жыйынтыкка жетүү.

Вице-премьер 2021-жылы ВИЧти жаңы жугузуп алгандарды 50 пайызга азайтуу аракеттери күч экендигин белгилеген.

Мишель Казачкин ушу тапта эл аралык донордук уюмдар ВИЧ/СПИДге каршы күрөшүү тармагына бөлүнчү каражаттын көлөмүн азайтып жатканын белгиледи. Мындан улам, анын айтымында, КР өкмөтү ВИЧ/СПИДге каршы күрөшүүгө мамлекеттик бюджеттен этап-этабы менен акчанын бөлүнүшүн шарттаган аракеттерди улантышы зарыл.

Жолугушууда ВИЧ-инфекциясы менен жабыркагандар үчүн дары каражаттарын эл аралык уюмдардан сатып алуу маселеси каралып, каржылоонун келечеги талкууланган. Ошондой эле Орто Азия мамлекеттери менен чек ара аралык келишимдерге кол коюуну тездетүү да айтылган. Ал документ кургак учук, ВИЧ/СПИДге кабылгандардын сыртка чыгып дарылануусу үчүн шарт түзүп бермекчи.

Ушул жылдын 1-январына карата өлкө аймагында ВИЧ-инфекциясын жугузуп алган 9680 учур катталган. Анын 9148и Кыргызстандын жарандары (680и 14 жашка чейинки балдар), 532си чет элдиктер. ВИЧ-инфекция республикада катталгандан бери 2049 адам көз жумган.