Түркмөнстандын клубу Кыргызстандагы оюнга коронавирустан кооптонуп келбей койду

"Ахал" клубу АФКга Кытайдагы коронавируска байланыштуу оюнду жылдыруу өтүнүчү менен кат жолдогон. Алар Кыргызстан Кытай менен чектешерин жүйөө келтиришкен.
Sputnik

БИШКЕК, 5-фев. — Sputnik. Түркмөнстандын "Ахал" футбол клубу Кыргызстандагы оюнга жетекчилигинин спортчулар коронавирусту жугузуп алышы мүмкүн деген кооптонуусунан улам келген жок.

Азия футбол конфедерациясынын (АФК) болжолдуу раундунун беттеши бүгүн, 5-февралда, саат 14:00дө Жалал-Абаддагы стадиондо болмок. Бирок кечээ "Ахал" АФКга Кытайдагы коронавируска байланыштуу оюнду жылдыруу өтүнүчү менен кат жолдогон. Алар Кыргызстан Кытай менен чектешерин жүйөө келтиришкен.

Ал эми конфедерациядан "эч кандай коркунуч жок" деп жооп узатышып, оюн убагында өтүшү керектигин айтышкан.

Эми АФК "Ахалга" карата 3:0 эсеби менен техникалык утулууга кабылды деген чечим чыгарышы мүмкүн. "Нефтчи" командасы болжолдуу раунддун беттешине өткөн жылы Кыргызстандын кубогун утуп алганы үчүн катышып жатат.