Курулуп бүтпөй калган балдар онкологиялык борборунун имараты эмне болот?

Балдардын онкология жана гематология борбору 2017-жылдын октябрь айында курула баштаган, бирок каржынын жетишсиздигинен иш токтоп калган.
Sputnik

БИШКЕК, 5-фев. — Sputnik. Балдар онкологиялык борборунун курулуп бүтө элек имараты чоңдордун гематология бөлүмүнө берилмей болду. Бул тууралуу Онкология жана гематология улуттук борборунун жетекчиси Эрнис Тилеков билдирди.

2017-жылдын октябрь айында Кыргызстанда Балдардын онкология жана гематология борбору курула баштаган. Долбоорду 2018-жылдын сентябрь айында бүткөрүү пландалган. Бирок ал жылдын май айында "каржы бөлүнгөнгө чейин" деп курулуш иши токтотулган. Ошол учурда имараттын төртүнчү кабаты курулуп калган.

Тилеков: Кыргызстанда жылына 6000дей адамга рак диагнозу коюлат
Быйыл болсо Кыргызстандын бийлиги Балдардын онкология жана гематология борборун Бишкектеги Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун базасында куруу чечимин кабыл алды. Алдын ала маалымат боюнча, борбор курулуп бүткөндөн кийин тийиштүү жабдыктар менен жабдылат.

Онкология жана гематология улуттук борборунун жетекчиси Эрнис Тилеков мындай чечимди колдойт. Анын айтымында, балдарды онкологдор эмес, педиатрлар карашы керек.

"Онкология менен жабыркаган балдар башка ооруларга дагы кабылат. Дарыгерлер алардын иммундук системасы менен дагы иштеши керек, себеби организм өтө эле алсыз болот. Ушул себептерден улам көпчүлүк учурда балдар бөлүмүнө балдар дарыгерлерин чакыртууга туура келип калат... Башында бул имаратты гематология борборуна айландыруу пландалган. Балдар бөлүмү жогорку же ылдыйкы кабаттарда жайгашмак. Азыркы чоңдор үчүн гематология борбору мурдагы бала бакчанын имаратында жайгашып, оорукана үчүн ылайыкташкан эмес. Учурда биз дагы, мамлекеттик органдар дагы имаратты куруп бүтүрүүгө инвестор издеп жатабыз", — деди ал.

Тилеков ошондой эле жакынкы аралыкта иш алдыга жылып, медициналык борбор курулуп бүтөрүнө үмүт артарын кошумчалады.