Ноокенде 10 жашар кызды зордуктады делген киши кармалды

Зордуктоого шектелген 18 жаштагы бала бүгүн кармалды. Учурда облустук сот анын баш коргоо чарасын карап жатат.
Sputnik

БИШКЕК, 5-фев. — Sputnik. Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда 10 жаштагы кызды зордуктоого шектелген адам кармалды. Бул тууралуу облустук милициянын маалымат катчысы Нурдин Жээнтаев билдирди.

Казакстанда педофилдер өмүрүнүн аягына чейин абакта калышы мүмкүн
Эске сала кетсек, 28-январда Ноокен райондук милициясына ушул эле райондун Н.Ы. аттуу тургуну кайрылган. Арыздануучу саат 17:00дөр чамасында 2010-жылы туулган кызы мектептен чыгып үйүнө бара жатканда 20-25 жаштагы бейтааныш киши аны коркутуп, күч колдонуп зордуктаганын билдирген.

Милициянын маалыматы боюнча, бүгүн, 5-февралда, Ноокен районунун 18 жаштагы тургуну шектүү катары кармалды. Учурда облустук сот анын баш коргоо чарасын карап жатат.

Факт боюнча топтолгон материалдар Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине "Зордуктоо" беренеси боюнча катталып, Жазык кодексинин 161-беренесинин негизинде сотко чейинки өндүрүш иши ачылган. Тиешелүү экспертиза дагы дайындалган.