Түркияда кырсыктаган учак үчкө бөлүнүп калды. Видео

Измир – Стамбул каттамы менен келе жаткан лайнер Сабихи Гекчен аэропортуна конуп жатып, учуп-конуу тилкесинен чыгып кеткен. Лайнер үчкө бөлүнүп калганын көрүүгө болот.
Sputnik

БИШКЕК, 5-фев. — Sputnik. Түркиянын Стамбул шаарында Pegasus компаниясынын учагы конуп жатып кырсыкка учурады. Бул тууралуу HABERTÜRK басылмасы кабарлады. Кырсыктан 52 адам жабыркаганы айтылууда.

​Измир – Стамбул каттамы менен келе жаткан лайнер Сабихи Гекчен аэропортуна конуп жатып, учуп-конуу тилкесинен чыгып кеткен. Лайнер үчкө бөлүнүп калганын көрүүгө болот. Маалыматка караганда, учакта экипаждын алты мүчөсүнөн тышкары 171 жүргүнчү болгон.

Алгачкы маалыматтарда 21 адамга медиктердин жардамы керек болуп жатканы айтылган.

Өлкөнүн транспорт министри Мехмет Жахит Турхандын айтымында, каза тапкандар болгон жок.