Ноокенде 10 жаштагы кызды зордуктады делген адамга сот чечим чыгарды

Маалыматта жабырлануучу шектүүнү тааныгандыгы тууралуу көрсөтмө бергени айтылат. Шектүү бүгүн колго түшүрүлгөн болчу.
Sputnik

БИШКЕК, 5-фев. — Sputnik. Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда 10 жаштагы кызды зордуктоого аракет жасады делген шектүү райондук соттун чечими менен эки айга камакка алынды. Бул тууралуу облустук милициянын маалымат катчысы Нурдин Жээнтаев билдирди.

Эскерте кетсек, 28-январда Ноокен райондук милициясына ушул эле райондун Н.Ы. аттуу тургуну кайрылган. Арыздануучу саат 17:00дөр чамасында 2010-жылы туулган кызы мектептен чыгып үйүнө бара жатканда 20-25 жаштагы бейтааныш киши аны коркутуп, күч колдонуп зордуктаганын билдирген.

Алтыбаева: балдар, аялдар кордоло берсе өлүм жазасын киргизүү зарыл
Милициянын маалыматы боюнча, бүгүн, 5-февралда, Ноокен районунун 18 жаштагы тургуну шектүү катары кармалды.

Жээнтаевдин айтымында, жабырлануучу шектүүнү тааныгандыгы тууралуу көрсөтмө берген.

Сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында шектүүнүн үйүндө тинтүү жүргүзүлүп, далил буюмдар табылган.

Учурда бул факт Ноокен райондук милициясы тарабынан Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине "Зордуктоо" беренеси менен катталып, Жазык кодексинин 161-беренесинин негизинде сотко чейинки өндүрүш иши ачылып, тиешелүү экспертизалар дайындалган.

Тергөө иштери жүрүп жатат.