Аравиянын шейхтери Хабибге 180 млн. евро берүүгө даяр турат

Беттештерди өткөрүү сунушу менен Хабибдин агентине саударавиялык миллиардерлер кайрылган. Алардын эки мелдеш тең Сауд Аравиянын борбору Эр-Рияд шаарында өтүшү керек деген талабы бар.
Sputnik

БИШКЕК, 4-фев. — Sputnik. Россиялык мушкер Хабиб Нурмагомедов Конор Макгрегор жана боксчу Флойд Мейвезер менен беттешсе 180 миллион евро гонорар берилери айтылды. Бул туурасында Р-Спорт The Sun басылмасына шилтеме берип жазды.

Эске сала кетсек, Нурмагомедов 18-апрелде Нью-Йоркто UFC 249 турниринин алкагында Тони Фергюсон менен беттешет.

ЖМКлар Конор Макгрегор миллиондорун кайда короторун жазып чыкты
Басылманын маалыматы боюнча, беттештерди өткөрүү сунушу менен Хабибдин агентине саударавиялык миллиардерлер кайрылган. Алар эки кармаш тең Сауд Аравиянын борбору Эр-Рияд шаарында өтүшү керектигин айтышкан.

Хабиб Нурмагомедов менен Конор Макгрегордун биринчи беттеши 2018-жылдын октябрь айында болгон. Анда россиялык мушкер каршылашын жеңип, UFC уюмунун жеңил салмактагы чемпиондук наамын коргоп калган. Быйыл 18-январда Лас-Вегаста өткөн турнирде Макгрегор америкалык Дональд Серронени нокаут менен утуп алды.